Радио

Карбозова: гендик терапия иштелип чыкса Паркинсонду айыктыруу мүмкүн болот

Дарыгер-невролог, Иса Ахунбаев атындагы КММАнын Неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти Кундуз Карбозова Паркинсондун пайда болушуна генетикалык факторлор түздөн-түз таасир эткендиктен аны алдын алуу кыйын экенин айтты.
Sputnik
Паркинсондун негизги беш дарысы бар. Азыр жаңы чыгып жаткан дары-дармек өлкөгө алып келинбей жатат. Бизде Паркинсонго каршы препараттардын үч түрү гана сатылат. Бул тууралуу Карбозова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган илдетке чалдыккандардын уйкусу бузулуп, депрессия менен жабыркашат.
"Паркинсон ар бир адамда түрдүү өрчүп, бейтаптын жашоо образына дагы байланыштуу болот. Бейтапка мээдеги дофаминдин көлөмүн көтөрүүчү дарылар берилет. Андан тышкары, мээни терең стимуляциялап хирургиялык жол менен да булчуңдардын катуулугун жазып, титирөө азайтылат. Ошондой эле бейтаптар физикалык, логопедиялык терапия алып, бут кийим кийүү, топчулоо жана башка иш-аракеттерди эрготерапиялык окууда үйрөнүшөт. Тилекке каршы, бул дартты толук айыктыра албайбыз. Эгер 10-15 жылдан кийин гендик терапия иштелип чыкса, ошондо оорудан арылууга мүмкүндүк жаралат. Изилдөөлөр боюнча,  кофе ичип, тамеки чеккен адамдар Паркинсонго азыраак кабылары айтылат. Бирок дарыгер катары ден соолукка зыян келтире турган жаман адаттарга жакын болууга үндөбөйм. Себеби тамекини көп чегүү өпкөнүн рагына алып келет. Эң негизгиси, ар бир илдетти туура тамактанып, активдүү болуу менен алдын алса болот", — деди Карбозова.
Невролог Паркинсон менен ооруган бейтаптын кыймылы бузулгандыктан жакындары үйдө ыңгайлуу шарт түзүп бериши керектигин кошумчалады.