Бир күндө 325 адамдан COVID аныкталып, 5 бейтап каза болду. Статистика

Учурда ооруканаларда вируска чалдыккан 1 417 бейтап жатат. Жуктургандар Бишкек, Чүйдө, андан кийин Ысык-Көлдө көп катталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде өлкөдө 325 адамдан коронавирус аныкталып, ошол эле учурда оору жуктурган 163 киши айыгып чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Ал эми илдетти жеңе албай Бишкек шаарында төрт, Ысык-Көл облусунда бир адам каза болду. Ушуну менен COVID-19дан ажал тапкандардын саны 1 578ге жетти.
Коронавирус катталган аймактар:
Бүгүнкү статистиканы кошкондо пандемия башталгандан бери 93 603 кыргызстандык COVID-19 жуктурганы белгилүү болду.
Сакайып чыккандар:
Жалпысынан 87 880 киши ооруну жеңип чыкты.
Учурда ооруканаларда 1 417 бейтап жатат. Алардын ичинен:
Ал эми 1 753 бейтап үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.
Акыркы бир сутканын ичинде 4 593 адамга ПЦР-тест жүргүзүлгөн.