ЕАЭБ тоо-кен тармагын толугу менен санариптештирүүнү пландап жатат

Көпчүлүк адистерди кен иштетүүдөн кийинки таштандыны жок кылуу боюнча жаңы технологиялар жана металл иштетүүдө 3D-принтерди пайдалануу идеясы кызыктырып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттерде тоо-кен жана металл иштетүү тармагын толугу менен санариптештирип, инновациялык технологияларды киргизүү сунушталып жатат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын металлургия темасына арналган жыйынында сөз болду.
ЕЭКтин өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министри Артак Камаляндын айтымында, тармактагы процесстерди автоматташтыруу — бир гана замандын талабы болбостон, тышкы рыноктогу атаандаштарга туруштук бере турган курал.
"Көпчүлүк адистерди кен иштетүүдөн кийинки таштандыларды жок кылуу боюнча жаңы технологиялар, ошондой эле металл иштетүүдө 3D-принтерди пайдалануу идеясы кызыктырып жатат", — деди Камалян.
Жыйынтыгында ЕАЭБдин тоо-кен жана металл иштетүү тармагын инновациялык жактан өнүктүрүү боюнча бирдиктүү концепция иштеп чыгып, жаңы технологиялардын реестрин түзүү чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, тоо-кен жааты Кыргызстан экономикасында өтө маанилүү тармактардын бири.