Баткенде чек арага жакын жерден эки бала жоголуп, издөө иштери башталды

Дайынсыз болуп жаткан балдар 19 жана 21 жашта. Алар жаткан жердеги бут кийимдерде кандын тагы калган.
Sputnik
ОШ, 24-апр. – Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасына жакын жерден жоголуп кеткен кыргызстандык эки уланды  издөө иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.
Өзгөндүктөр да жер берүүгө каршы чыгып, Кемпир-Абаддын жээгине боз үй тикти
Бердигулованын айтымында, өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев облустук күч түзүмдөрүнө чек арада катталган окуя боюнча дайынсыз болуп жаткандарды издөө тапшырмасын берди. Учурда Лейлек району менен чектешкен Тажикстандын Гафуров районунун күч түзүмдөрүнө кат жолдонду.
"Дайынсыз болуп жаткан балдар Эски-Оочу айылынын 19 жана 21 жаштагы жашоочулары экендиги аныкталды. Алардын биринин кол телефону алар түнөгөн чатырда калган", – деди Бердигулова.
Ал кошумчалагандай, экинчи уландын мобилдик телефону өзү менен кошо болушу мүмкүн. Ошондуктан күч түзүмдөрү аларды аппараттын номери аркылуу дагы издеп жатышат.