Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү болду. Сүрөт

Сөөк дарыгери академияга мүчө болуп 2019-жылы ноябрда эле шайланганын, бирок пандемиядан улам дипломун ала албай жүргөнүн билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу маалыматты дарыгер өзү тастыктады.
1 / 3
Белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү болуп шайланды
2 / 3
Анын айтымында, академияга мүчө болуп 2019-жылы ноябрда шайланып, 2020-жылы салтанаттуу иш-чарага катышып дипломун алмак. Бирок пандемияга байланыштуу эми гана учуру келип жатканын билдирди.
3 / 3
Ал ошондой эле иш-чарага РФтин Илимдер академиясынын дагы бир чет элдик мүчөсү болгон Аскар Акаев да катышып, куттуктап кеткенин кошумчалады.
Анын айтымында, академияга мүчө болуп 2019-жылы ноябрда шайланып, 2020-жылы салтанаттуу иш-чарага катышып дипломун алмак. Бирок пандемияга байланыштуу эми гана учуру келип жатканын билдирди.
"Азыр Москвада жүрөм. Дипломду атайын салтанаттуу түрдө тапшырууга чакырышкан. Бир жарым жыл мурун жабык добуш берүү аркылуу шайланып, сессияларына катышып келдим", — деди Жумабеков.
Ал ошондой эле иш-чарага РФтин Илимдер академиясынын дагы бир чет элдик мүчөсү болгон Аскар Акаев да катышып, куттуктап кеткенин кошумчалады.
Жумабеков Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси. Медицина илимдеринин доктору, академик, бир катар сыйлык менен наамдардын ээси.