Министрликте Бишкек — Тегеран авиакаттамын жандантуу талкууланды

Пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик жана транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү тууралуу да кеп болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Ирандын элчиси Саид Харазини кабыл алып, эки өлкөнүн ортосунда авиакаттамдарды жандантууну талкуулашты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгын кеп кылышкан.
"Анын ичинде пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик-транспорттук байланыштарды калыбына келтирүүнү жана жакын арада эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз авиакаттамдарды жандантууну талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле дипломаттар кыргыз-иран өкмөттөр аралык макулдашууларын практикалык түрдө ишке ашырууга жардам берген биргелешкен комитет түзүүнү сүйлөшүшкөн.