Өзгөндүктөр да жер берүүгө каршы чыгып, Кемпир-Абаддын жээгине боз үй тикти

Жер берүүгө нааразы болгон тургундар Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылып, беш күндүк убакыт беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өзгөн районунун жашоочулары Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыгышты.
1 / 3
Өзгөн районунун жашоочулары Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыгышты
2 / 3
Аталган суу сактагыч райондун бир нече айылдары менен чектешет
3 / 3
Кызыл-Октябрь жана Кароол айыл өкмөттөрүнүн тургундары бул жактан жер берүүгө каршы болуп акцияга чыгышкан. Алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине дөбөгө боз үйлөрдү тигишкен.
Аталган суу сактагыч райондун бир нече айылдары менен чектешет. Кызыл-Октябрь жана Кароол айыл өкмөттөрүнүн тургундары бул жактан жер берүүгө каршы болуп акцияга чыгышкан. Алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине дөбөгө боз үйлөрдү тигишкен.
Ташиев өзбек тарап менен Кемпир-Абаддын 30 гектарын алып калууну сүйлөшөт
Элдин талабын угуу үчүн өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев барды.
Бирок чогулгандар анын жообуна канааттанбай, Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышты.
Натыйжада беш күндүк убакыт берилип, 28-апрелде Ташиевди күтмөй болушту. Ага чейин кошумча боз үй тигип, кайтарып отуруу чечимин кабыл алышты.