COVID жуктургандарды дарылаган Бишкектеги ооруканалар. Канча бош орун бар?

Министрликтин берген маалыматы боюнча, ооруканаларда бош орундардын саны күн санап азаюуда. Айрымдарында бош орун калбай калган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 менен алышып жаткандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
23-апрель саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 8 ооруканада 122 бош орун бар. Белгилей кетсек, ооруканадагы бош орундардын саны күн санап азаюуда.
Кыргызстанда вирус бир сутка ичинде 272 кишиден табылып, жети бейтап көз жумду.