Алар аталган сарай мүрзөнүн аймагына мыйзамсыз курулуп, анда кармалган мал адамдар көмүлгөн жерди тебелеп жаткандыгына кабатырланышууда.
Алар аталган сарай мүрзөнүн аймагына мыйзамсыз курулуп, анда кармалган мал адамдар көмүлгөн жерди тебелеп жаткандыгына кабатырланууда
© Фото / Зульфия Тургунова
Оля Анинова өткөн жылы 34 жаштагы уулунан ажырап, сөөгү ушул көрүстөнгө коюлган. Бейити көрүстөндүн четиндеги унаа жолдун боюнда болгондуктан мал-жандык тебелеп жатканын айтууда.
Оля Анинова өткөн жылы 34 жаштагы уулунан ажырап, сөөгү ушул көрүстөнгө коюлган
© Фото / Зульфия Тургунова
"Кечээ күнү коюп кеткен гүлдөр бүгүн келсем жок экен. Көрүстөндү аралап жүргөн койлор, уйлар жеп кетиптир. Мен уулумдун бейити тебеленишин каалабайм", — деди Анинова.
Ал эми мал сарайдын ээси Кылычбек Кадыров жер тилкесин сатып алганын айтып, тиешелүү документтерин көрсөттү.
Мал сарайдын ээси Кылычбек Кадыров
© Фото / Зульфия Тургунова
"Былтыр өзүм жашаган үйдүн айланасын кеңейтүү үчүн таштандыга толгон дөңсөөнү сүрдүрүп, тегиздеп ушул сарайды кургам. Бул жайда өгүз байлап багам, сыртка чыкпайт. Мүрзөнү аралап оттоп жүргөн уй, койлор меники эмес. Муну нааразы тараптарга канча жолу түшүндүрсөм да сарайды көрүп мени күнөөлөп жатышат", — деди фермер.
Жергиликтүү жашоочу Любовь Ветохина фермердин сарайы мүрзөнүн аймагына мыйзамсыз курулгандыгын айтып, аны буздуруу талабы менен президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, Кызыл-Кыя шаардык мэриясына февраль айында кайрылганын айтат.
Чырлуу маселени чечүү үчүн президенттик аппараттын тапшырмасы менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттиги тарабынан атайын адис жиберилген. Анда мал сарай курулган жер тилкесинин тиешелүү документтери жок экендиги аныкталган.
Бул факты милиция тарабынан Жоруктар кодесинин 96-беренеси ("Жер тилкесин өз эрки менен ээлеп алуу") менен КЖБРге катталган.
Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын аппарат башчысы Мирлан Тойчиев фермерге протокол толтурулуп, айып пул салынганын айтты. Учурда шаардык сотко кайрылууга документ даярдап жатат.
Жыйынтыгында фермер жок дегенде чыгымын актатып алуу үчүн эки жыл убакыт берүүсүн сурады. Андан соң бузууга даяр экенин белгилеген.