Кыргызстан салмагы 180 килограммга жеткен койдун жаңы тукумун каттады

Төрт айлык козунун бирөөсү эле миң доллар турат. Ал эми тукум ала турган койлордун баасы 50 миң долларга жетет. Орто салмактагы тукум бере турган койлор болсо 10 миң доллардан ашат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан салмагы 180 килограммга чейин жеткен койдун жаңы тукумун каттады. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымына караганда, 15-апрелде эт, май багытындагы койдун "Арашан" тукуму каттоодон өткөн. Селекционерлер мындай тукумду 1997-2021-жылдар аралыгында чыгарышкан.
"Бул малдын өндүрүмдүүлүгү абдан жогору. Алты-жети айлык козулардын салмагы 55-60, бир жаштагылары 75-80, чоңдору 175-180 килограммга чейин жетет. Бул биздин фермерлердин кирешесин көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк", — деди министр.
Кыргызстанда алгачкы жолу чек ара аймактарында ветеринардык станциялар ачылат
Жаныбековдун айтымында, мындай тукумга болгон керектөө ички-тышкы рынокто абдан жогору. Учурда таза тукумдагы койдун саны 5 850 гана болгондуктан баасы дагы кымбат.
"Төрт айлык козунун бирөөсү эле миң доллар турат. Ал эми тукум ала турган койлордун баасы 50 миң долларга жетет. Орто салмактагы тукум бере турган койлор болсо 10 миң доллардан ашат. Учурда Казакстан менен Россиядан абдан көп буйрутмалар түшүп жатат", — деди министр.
Ал ошондой эле мындай койлор сатыла баштаганын кошумчалады.