7 киши көз жумуп, 272 киши вирус жугузуп алды. COVID статистикасы

Кыргызстан боюнча коронавирус аныкталгандардын саны 93 278ге жетти. Ал эми орудан 87 717 киши айыкты. Каза болгондордун саны 1 573кө барды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 272 кишиден коронавирус табылып, 163 бейтап оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 93 278ге жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 717 болду.
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус Бишкектен төрт, Чүй облусунан үч кишинин өмүрүн алды. Көз жумгандардын жалпы саны 1 573кө жетти.