Радио

Чаргынов: электромобилдин чыгымы жөнөкөй унаадан 70 эсе аз болот

"Электромобиль" долбоорунун түзүүчүсү жана жетекчиси Дастан Чаргынов аталган унаалардын пайдалуу жактарын атап берди.
Sputnik
Электромобилдердин чыгымы кадимки унаалардан 50-70 пайызга аз. Тактап айтканда, бензинге кетирген акчанын ушунча көлөмүн үнөмдөп калууга болот. Бул тууралуу Дастан Чаргынов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкек шаарында 200дөй электромобиль айдоочулары бар.
"Электромобилдер шаар ичинде айдоого абдан ыңгайлуу. Биринчиден, экологиялык жактан таза жана күйүүчү майга болгон чыгымды үнөмдөйт. Мисалы, автоунааны 100 чакырымга айдап баруу үчүн 500-700 сом каражат жумшалат. Ал эми электромобиль менен ушул эле аралыкка 10-11 сом коротуп, жетип алууга мүмкүн. Мен өзүм аталган унаанын айдоочусумун. Бизде көпчүлүк адамдар алыс жолго чыга албай калабыз деп кооптонушат. Бирок мен бир жолу кубаттап алып, электр унаам менен Балыкчыга чейин жетип алам", — деди Чаргынов.
Ал ошондой эле электромобилдер коопсуздук жагынан кадимки автоунаалардан кем калбай тургандыгын кошумчалады.