Негиздеме талап кылынбайт! Жалпы жарандык паспорт берүүгө чектөө алынды

Буга чейин чет өлкөгө чыгууга жол ачкан паспорттун тартыштыгынан улам өтө муктаж адамдарга гана негиздеме менен берилип жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жалпы жарандык паспортторду берүүгө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Аталган ведомство чектөөлөр коррупциялык тобокелчиликтердин жана түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу үчүн алынганын белгиледи.
"Паспорт алууга документтер бардык Калкты тейлөө борборлорунда, аймактык паспорт бөлүмдөрүндө жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринде кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.
Марипов: паспорт көйгөйү чечилди, 3-майдан тарта документтер кабыл алынат
Белгилей кетсек, кыргызстандыктар жалпы жарандык паспорт ала албай үч айдан бери убара тартууда. Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү электрондук биометрикалык паспортторду берүүгө камынган. Бирок алар өз убагында даяр болгон эмес. Ал эми эски үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду чыгарууну токтотуп коюшкан. Мунун кесепетинен чет өлкөгө чыгуучу паспорттун тартыштыгы жаралып, аталган документ өтө муктаж адамдарга гана негиздеме менен берилип жаткан.
Ал арада Sputnik Кыргызстан агенттиги жарандарды тушап койгон паспорт кризиси эмнеден келип чыкканын иликтеген.