Түштүк магистраль узартылып, ТЭЦ-2ге чейин жеткирилет. Видео

Бишкектеги Түштүк магистраль дагы эки чакырымга узартылганы жатат. Бул үчүн бийлик Сокулук районунун элинен тиешелүү жерди алды.
Sputnik
Бишкек шаарындагы Түштүк магистралын узартып, Сокулук районундагы ТЭЦ-2 аймагына чейин жеткирүү үчүн өкмөт сегиз гектар жерди трансформациялады. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан редакциясына Жер агенттигинин Жерге жайгаштыруу, жер кадастры, геодезия, картография, мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча башкармалыгынын башчысы Турсунбек Кубанычбеков тастыктады.
Жол куруу үчүн өкмөт Чүй облусунун Орок айыл аймагынын жашоочуларынын жеке менчик айдоо жерлерин алды. Ордуна бийлик менчик ээлери менен келишим түзүп, башка тилке бөлүп берген.
"Бул жерлер мурда айыл чарба багытында эле. Жолду куруу үчүн эми өнөр жай өндүрүшү, транспорт, байланыш, энергетика жана башка багытындагы жерлер категориясына өткөрүлдү", — деди жетекчи.
Бишкек шаарындагы Түштүк магистралын узартып, Сокулук районундагы ТЭЦ-2 аймагына чейин жеткирүү үчүн өкмөт сегиз гектар жерди трансформациялады
Эске салсак, Сокулук районунун сөз болуп жаткан аймагында Ак-Ордо, ТЭЦ-2 баш болгон мыйзамдуу түрдө башы ачылбай жаткан конуштар бар. Бирок Кубанычбековдун түшүндүрмөсүндө бул жолку трансформациялоонун аларга тиешеси жок.
"Өкмөттүн бул токтомунун негизинде Түштүк магистралынын уландысын куруу үчүн 8 гектар гана жер трансформацияланды. Анын тегерегиндеги тилкелер мурдагыдай эле макамда калтырылды. Алардын категориясын алмаштыруунун тартиби башка", — деп түшүндүрдү ал.
Түштүк магистраль — Бишкектеги негизги көчөлөрдүн бири, 7-апрелден Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү Аалы Токомбаев деп аталат. Байтик баатырдан Дооронбек Садырбаев көчөсүнө чейин Абсамат Масалиевдин ысымын алып жүрөт. Садырбаевден Чортеков көчөсүнө чейин Жайыл баатыр деген аталышта.
Учурда көчөнү Арча-Бешик конушунан тарта талаа менен алып өтүп, Сокулук районундагы ТЭЦ-2 аймагына жеткирүү пландалып жатат
Учурда көчөнү Арча-Бешик конушунан тарта талаа менен алып өтүп, Сокулук районундагы ТЭЦ-2 аймагына жеткирүү пландалып жатат.
Маалыматка караганда, жолдун жаңы курулчу бөлүгүнүн узундугу эки чакырымдан ашат.
Курулуш качан башталып, жол качан колдонууга берилери азырынча айтыла элек.