Маршрутка айдоочулары иш таштайт деген маалымат боюнча мэрия үн катты

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда коомдук транспорттун жол кире маселеси каралып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттун жол киресин этап-этабы менен көтөрүү маселеси боюнча иштеп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Мыйзам боюнча тарифти өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Мэрия маселенин бардык күңгөй-тескейин карап, экспертизаларды жүргүзүп бүткөн соң шаардык кеңешке сунуш киргизет. Мэрдин буйругу менен бул маселе боюнча иштөө үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Алар тиешелүү иштерди жасап жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, мэрия айдоочуларга кайрылып, алардын абалын түшүнүп, мыйзам чегинде бардык аракеттерди көрүп жатканын, бул учурда коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учурабашы керектигин билдирди.
Бишкектин жаңы башкы планы тез арада иштелип чыкмай болду
Буга чейин интернетте айдоочулар 3-май күнү ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылышат деген маалыматтар тараган эле.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан редакциясынын кабарчысы "Альянс бус" жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаидиге кайрылып, бул маалыматтын чын-төгүнүн сураган. Ал жүргүнчү ташуучулар иш таштоону пландабаганын айтып, маселенин мыйзамдуу түрдө чечилишин күтүп жатканын кошумчалаган.