Санариптештирүүнү тескеген беш IT-мекеменин жетекчилери иштен алынды

Бул тармакта бири-бирин кайталаган мекемелер, маанилүү эмес каржылык жана административдик чыгымдар аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Санариптештирүүнү өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын беш директору ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин аталган мекемедеги маалымат булагы "Түндүк" электрондук өз ара аракеттешүү борборунун, "Инфосистема", "Соцсервис", "Транском" жана "Укук" мекемелеринин жетекчилери жумуштан алынганын кабарлаган.
"Санариптештирүүнү өнүктүрүү кызматынын алдындагы мекемелердин ишине жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында бири-бирин кайталаганы, маанилүү эмес каржылык жана административдик чыгымдар аныкталды. Бир мекеме толугу менен түздөн-түз мамлекеттик бюджеттен каржыланып турган. Ошол эле учурда башка ишканалар өзүн-өзү каржылоо системасы менен иштейт", — деп айтылат маалыматта.
Бул тармакка реорганизация жана оптимизация жүргүзүү пландалууда. Ал эми ишканалар жана анын бардык кызматкерлери штаттык режимде иштеп жатканы белгиленет.