Мүйүзүн кесип салышкан. Чек арадан эликтерди алып өтмөкчү болгондор кармалды

Унааны текшерүү учурунда ичинде мүйүзү кесилген 1 жаштан 4 жашка чейинки беш элик табылган. Айдоочунун документтери болгон эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Баткендеги Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары сейрек кездешкен жаныбарларды алып өтүүгө аракет кылган адамдарды кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 3
Баткендеги Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары сейрек кездешкен жаныбарларды алып өтүүгө аракет кылгандарды кармады
2 / 3
Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Жер айылында чек арачылар 49 жаштагы Т.Н. аттуу жарандын Toyota үлгүсүндөгү унаасын байкашкан
3 / 3
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин жаныбарлар компетенттүү органдарга өткөрүп берилген
Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Жер айылында чек арачылар 49 жаштагы Т.Н. аттуу жарандын Toyota үлгүсүндөгү унаасын байкашкан.
"Текшерүү учурунда унаанын ичинде 1 жаштан 4 жашка чейинки мүйүзү кесилген беш элик табылды. Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн айдоочу менен өзбекстандык жүргүнчү кармалды. Сурак учурунда алар эликтерди Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылышканын билдиришкен. Айдоочунун жаныбарларга документи болгон эмес. Беш эликтин баасы такталып жатат", — дешти УКМКдан.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин жаныбарлар компетенттүү органдарга өткөрүп берилген.