Жеңиштин 76 жылдыгына карата бак отургузулду. Бишкектеги сүрөттөр

Көчөттөр 28 панфиловчунун өлбөс-өспөс эрдигин эскерип отургузулган. Бул "Эскерүү багы" деп аталган эл аралык акциянын алкагында жасалды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Борбор калаада Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата бак отургузуу салтанаты болду. Бул тууралуу "Евразиялыктар – жаңы толкун" фондунан билдиришти.
1 / 5
Борбор калаада Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата бак отургузуу салтанаты болду. Бул тууралуу "Евразиялыктар – жаңы толкун" фондунан билдиришти
2 / 5
Аталган иш-чараны уюштуруучулардын курамына Коргоо министрлиги жана Бишкек мэриясы да кирген
3 / 5
Салтанатка Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, "Кант" аба базасынын, Ленинград блокадачыларынын өкүлдөрү, алардан сырткары, борбордук жогорку окуу жайларынын мугалимдери менен студенттери катышты
4 / 5
Эл аралык "Эскерүү багы" акциясы 2020-жылы башталган. Анын уюштуруучусу "Жеңиштин ыктыярчылары" деп аталган бүткүл россиялык кыймыл.
5 / 5
Быйыл аталган акция эл аралык мүнөзгө өтүп, ал Кыргызстанга да келди.
Аталган иш-чараны уюштуруучулардын курамына Коргоо министрлиги жана Бишкек мэриясы да кирген.
"Жалпысынан 76 көчөт отургузулса, анын 28и атактуу панфиловчулардын элесине арналды. Бул "Эскерүү багы" деп аталган эл аралык акциянын алкагында жасалды", — деп айтылган маалыматта.
Кызыл-Аскерде өзгөчө эстеликтер пайда болду. "Эскерүү багы" акциясынан видео
Салтанатка Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, "Кант" аба базасынын, Ленинград блокадачыларынын өкүлдөрү, алардан сырткары, борбордук жогорку окуу жайларынын мугалимдери менен студенттери катышты.
Эл аралык "Эскерүү багы" акциясы 2020-жылы башталган. Анын уюштуруучусу "Жеңиштин ыктыярчылары" деп аталган бүткүл россиялык кыймыл. Былтыр үч айда (март-июнь) Россиянын аймагы боюнча 27 миллион көчөт отургузулган. Быйыл аталган акция эл аралык мүнөзгө өтүп, ал Кыргызстанга да келди.