Россия президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жолдогон кайрылуусунда тышкы саясат көйгөйүнө дагы көңүл бурду. Ал Буларуста мамлекеттик төңкөрүш жасоо боюнча Батыштын үн катпай жатканын баса белгилеп, Россия азыр кандай гана провокация болбосун, "өзгөчө" жоопторду кайтарууга даяр экенин кошумчалады.
Украина боюнча
Аскердик маселелер боюнча адис Алексей Леонков Владимир Путиндин Россиянын коопсуздугуна жана кызыкчылыгына каршы иштегендерге карата эскертүүсү биринчи кезекте Украинага тиешелүү деген пикирде.
"Россия бөлөк бирөө коюп берген шарттар менен ойнобойт. Москва дүйнөдө көптөгөн маселелер аскердик күчтүн жардамы менен чечилерин түшүнөт, бирок көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен чечүүнү туура көрөт. Кимде-ким сүйлөшкүсү келбесе, тез арада жана өзүнө жараша жооп аларын билиши керек. Украинага байланыштуу кырдаал Крым жана Донбасстын айынан келип чыккан санкциялардан улам түзүлдү. Бирок Россия кимдир бирөө коюп берген шарт менен иш алып барбайт. Путин мына ушуну жеткиргиси келди", — деди адис.
Леонковдун айтымында, Путин ар бир аскердик күчтөр аралашкан аракеттерге тешелүү жооп болорун баарына түшүнүктүү болгудай жеткире алды. Ал эми Украинага өнөктөштөрү "мына, эми согушкула" деген өңүттө мамиле кылууда. Анткени алар Украинага акча салып, аскерлерин даярдаган болчу.
Мындан улам Зеленский Путин менен Донбасста жолугушкусу келгени айтылат. Бирок адис Украина лидери ал жерде Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасынын жетекчилери менен өз алдынча сүйлөшүүсү керектигин кошумчалады.
"Эгер Путин кайрылуу учурунда Донбасс жана Украина тууралуу так кесе бир нерсе айтпаса эле муну алсыздык катары кабыл албашыбыз керек", — деди Леонков.
Беларустагы төңкөрүш
Владимир Путиндин кайрылуусунда Беларусь көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурулду. Россия Илимдер академиясынын Европа институтундагы Буларусь тууралуу изилдөөлөр борборунун жетекчиси Николай Межевичтин айтымында, Путин Беларуста жөн гана митингдер эмес, мамлекеттик төңкөрүш даярдалганын билдирди.
"Владимир Путин Батыш киберкоопсуздук жаатында эмне себептен Россия менен кызматташкысы келбегени эми түшүнүктүү болгонун айтты. Анткени Беларустагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинде интернет аркылуу көптөгөн иштер жасалган экен. Дүйнөдө коопсуздук системасын орнотуп коюуга Россия, Кытай жана АКШнын гана саясий эрки керек. Бирок АКШ бул жаатта Россия менен дагы, Кытай менен дагы иштешүүдөн баш тартууда. Ошондуктан дүйнө азыркыдай кыйын абалда турат", — деди Межевич.
Адис Беларуста мамлекеттик төңкөрүш кылуу аракетине Вашингтондун тиешеси бар экенинен күмөн санабайт.
"Мен Литва же Польшанын чалгынчылары мындай чечимди өз алдынча кабыл алганына ишенбейм. Бул жерде АКШнын кийгишүүсү болгону анык. Акыркы 200 жыл ичинде президенттерди тактан кулатуу Американын сүйүктүү оюну болуп калган", — деди ал.
21-апрелде Россия лидери Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жасады. Анда саламаттык сактоо, социалдык саясат, экономика жана эл аралык мамилелер тууралуу сөз болду.