Россияда мигрант куруучулардын реестрин түзүү сунушталууда. Максаты кандай

Жаңы эреже мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берери айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияда Куруучулардын улуттук бирикмеси курулуш тармагында иштеген мигранттардын реестрин түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу бирикменин жетекчиси Антон Глушков РИА Новости агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда Россияга келген куруучулар ден соолугу тууралуу маалым кат даярдап, орус тилинен экзамен тапшырып, ошондой эле жумушка орношуу үчүн документтерди тууралашы керек.
"Мындан ары аларды Россияга келе жатканда эле бирдиктүү реестрге катталууга милдеттендирүүнү сунуштап жатабыз. Бул нерсе мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берет. Мындан тышкары, салык жагынан ачык-айкындуулук пайда болмок", — деди Глушков.
Россия мыйзамсыз келген мигранттардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартты. Шарты
Ошондой эле жетекчи бул тизме учурда кайсы куруучу иштеп, кайсынысынын колу бош экенин аныктап, тез аранын ичинде аны жаңы объектиге жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.
Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "ири пландарды ишке ашыруу үчүн мигранттар жетишсиз болуп жатканын, жумушчу күчтүн тартыштыгы өзгөчө курулуш тармагында байкалганын" билдирген.