Вакцина келди. Россия берген "Спутник V" "Манаска" түшүрүлгөн видео

Министрликтин айтымында, вакцинанын биринчи партиясы 10 миң адамга эсептелген. Эмдөө бекер жүргүзүлмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасы жеткирилди. 20 миң доза жүктөлгөн учак эл аралык "Манас" аба майданына конду.
Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана биринчи вице-премьер Артём Новиков катышып жатат.
1 / 3
Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасы жеткирилди. 20 миң доза жүктөлгөн учак эл аралык "Манас" аба майданына конду
2 / 3
Кыргызстан жалпы жонунан бул препараттын бир миллион дозасын алмакчы, анын 500 миңи гуманитардык жардам катары берилет
3 / 3
Бүгүнкү партиянын бир дозасы мамлекетке 10 доллардан айланган. 20 миң дозанын 10 миң адамга жетери айтылды
Кыргызстан жалпы жонунан бул препараттын бир миллион дозасын алмакчы, анын 500 миңи гуманитардык жардам катары берилет.
Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана биринчи вице-премьер Артём Новиков катышып жатат
Бүгүнкү партиянын бир дозасы мамлекетке 10 доллардан айланган. 20 миң дозанын 10 миң адамга жетери айтылды.
Вакцина алуу боюнча президент Садыр Жапаровдун Москвага жасаган сапарынын учурунда макулдашылган.