Мадамин Каратаев Фтизиатрия борборун жетектемей болду

Жаңы жетекчилер бүгүн, 22-апрелде, жамаатка тааныштырылды. Алар кызматка премьер-министрдин буйругу менен дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Онкология жана гематология улуттук борбору менен Фтизиатрия улуттук борборунун жаңы жетекчилерин жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругуна ылайык, Онкология борборуна Бактыгүл Султангазиева келсе, Фтизиатрияга Мадамин Каратаев дайындалган.
Ошондой эле Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине Султан Абдыкадыров жетекчи болуп бекитилгени маалымдалды.