Ишканалар канча сомдон төлөйт? Электр кубаты үчүн сунушталган бардык тарифтер

Кечээ күнү президент Садыр Жапаров электр энергиясына болгон бааны жогорулатуу сунушун берген. Министр болсо баалар канчага өзгөрөрүн айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев сунушталып жаткан тарифтерди жарыялады.
Электр кубатына болгон бааларды жогорулатуу сунушун кечээ, 21-апрелде, президент Садыр Жапаров берген болчу. Бүгүн болсо Турдубаев кошумча маалымат берип, ишканалар канчадан төлөй турганын айтып берди.
Белгилей кетсек, учурда калктын бардык категориясына тарифтер 77 тыйындан эсептелет. Эгер жылытуу сезонунда 700 киловатт/сааттык чектен ашса 2,16 сомдон эсептелет (кээ бир жерлердеги чек 1000 киловатт/саат).
Категориялар:
Сунушталып жаткан бул тарифтер сентябрь айына чейин күчүнө кирбейт.