Министрлик: өлкөдө коронавирус штаммынын төрт түрү аныкталды

Анализдер 26-мартта Новосибирскидеги лабораторияга жөнөтүлгөн. Буга чейин министр өлкөдө COVID-19дун "британиялык" штаммы бар экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун "британиялык", "индиялык", "түштүк африкалык" жана "россиялык" штаммдары жүрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин өлкөдө "британиялык" штаммы бар экенин министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.
Өткөн суткада 380 кишиден COVID табылып, 5 адам каза болду. Статистика
Маалыматка ылайык, 26-мартта министрликтин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Улуттук вирусологиялык лабораториясы Новосибирскидеги лабораторияга анализдерди жөнөткөн. Натыйжада өлкөдө коронавирустун төрт штаммы бар экени аныкталган.
Буга байланыштуу министрлик санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого чакырды.