Кыргызстанда коронавирустун "британиялык" штаммы катталды

Министрдин айтымында, Новосибирскидеги лабораториядан келген анализдердин жыйынтыгы Кыргызстанда штаммдын бар экендигин тастыктады.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу коронавирустун "британиялык" штаммы катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Министрдин айтымында, Новосибирскидеги лабораториядан келген анализдердин жыйынтыгы Кыргызстанда штаммдын бар экендигин тастыктаган.
Парламентте Жапаров уу коргошундан кантип дары жасап жатканын текшерүү сунушталды
Буга чейин вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов "британиялык" штамм азыркы учурда Кыргызстанда бар же жогун тактоо кыйын экенин, бул үчүн тиешелүү аспаптар менен жабдылган лаборатория керектигин айткан.
Былтыр декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 илдетинин жаңы мутациясын табышкан. Ал тездик менен тарап жатканы, буга чейинки вируска караганда жугуштуулугу 70 пайызга бат экени маалым болгон.