Бишкекте 15 мектеп карантинге жабылды. Канча баладан COVID чыкты

Акыркы эки күндө коронавирус менен тогуз окуучу жана беш мугалим ооруп калды. Карантинге жабылган мектептерде окуу аралыктан уланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Борбор калаада 15 мектеп карантинге жабылып, дагы 14үндө 11-класстын окуучулары аралыктан окууга өттү. Бул туурасында Бишкектин Билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова билдирди.
Эки жумалык карантин учурунда окуу аралыктан уланууда.
Бүгүн Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинет
Акматованын айтымында, 21-апрелге карата 45 окуучудан коронавирус табылса, алардын бири пневмония менен ооруп калган. Мугалимдер арасынан COVID боюнча 24 учур катталса, алардын алтоо пневмонияга чалдыкканы айтылды.
Акматова 20-апрелден тарта мектеп окуучулары арасынан коронавирус жуктургандар 9га, ал эми мугалимдер бешке көбөйгөнүн маалымдады.
Башкармалыктын өкүлү 4-чейректен тарта 1, 2, 3, 4, 5, 9 жана 11-класстар мектептепке барып окуса, калгандары (6,7,8 жана 10-класстар) аралыктан билим алып жаткандыгын билдирди.
Алгоритм боюнча мектепке бара турган 1 607 окуучу ата-энелердин арызынан улам үйдөн окуп жатышат.