Легендарлуу боксчу Орзубек Назаровдун эки тилде китеби жарык көрдү. Сүрөт

Боксчу илгертеден бери күндөлүк жазгандыктан китеп чыгарууну ойлоп жүргөнүн айтат. Китебинин бет ачары ушул ишемби күнү өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү боксчу Орзубек Назаров өзү тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде "Кайрадан согуш" аталышындагы китебин чыгарды. Бул тууралуу спорт ишмери Sputnik агенттигине билдирди.
1 / 2
Кыргызстандык белгилүү боксчу Орзубек Назаров өзү тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде "Кайрадан согуш" аталышындагы китебин чыгарды
2 / 2
Назаровдун айтымында, китепти жаш жазуучу Чыңгыз Исмаилов менен биргеликте чыгарды
Назаровдун айтымында, китепти жаш жазуучу Чыңгыз Исмаилов менен биргеликте чыгарды.
"Китеп жазууну көптөн бери ойлонуп жүргөм, каалоом бар болчу. Себеби 1983-жылдан бери күндөлүк жазып келем. Китепте беттештеримдин тарыхы, ой толгоолорум, өйдө-ылдый болгон учурларым жана башкалар жөнөкөй тил менен жазылган. Андан тышкары, сленгдерим, тамашаларым, башымдан өткөн окуялар камтылган. Ошондой эле архивдик сүрөттөр бар. Окурмандарга кызыктуу болот деп ишенем", — деди ал.
Ал китепти 2019-жылы жазып бүткөнүн, 2020-жылы пандемияда басмаканалар иштебегендиктен эми чыгарып жатканын кошумчалады.
Китептин бет ачары 24-апрелде, ишемби күнү, саат 14.00дө өтөт. Китеп орус жана кыргыз тилдеринде жалпы 1000 нуска менен чыккан. Баасы 500 сом.
Орзубек Назаров профессионалдык бокстун WBA версиясы боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, КРдин Бокс федерациясынын вице-президенти.