Төлөм канчага өзгөрөрүн билүү үчүн "Бир айда сарптаган электр энергиясы" деген жерге колдонулган киловатт/сааттын өлчөмүн жазып, "эсептөө" дегенди басыңыз.
Кымбат тариф баарына тиешелүү эмес. Мисалы, эгер сиздин үй-бүлөңүз аз камсыз болсо, анда, тескерисинче, баа арзандайт. Тагыраагы, Жапаровдун божомолу боюнча бир киловатт/саат 74 тыйынды түзөт. Бул азыркыга салыштырмалуу үч тыйынга аз.
Эгер сиз жашоо-шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларынын катарына кирсеңиз, анда электр энергиясына болгон баа өсүп, бир киловатт/саат 1,04 сомду түзөт.
Калган жашоочулардын бардыгы колдонулган электр энергиясынын көлөмүнө карабастан 1,48 сомдон төлөшөт. Ал эми кышында 1000 киловаттан ашса, электр энергиясы 2,29 сомдон эсептеле баштайт.
Жайында электр энергиясына азыркыга салыштырмалуу эки эсе көп төлөймүнбү?
Эгер сиздин азыркы чегиңиз 300 сом болсо, өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин 576 сомго чыгат.
Кышында үч эсе көп төлөймүнбү?
Азыркы тариф боюнча, эгер сиз кышында колдонгон электр энергиянын көлөмү 700 киловатт/сааттан ашып кетсе, анда 2,16 сомдон төлөшүңүз керек болот.
Ал эми Жапаровдун сунушу боюнча, электр энергиясы кымбаттайт. Бирок ошол эле учурда лимит дагы жогорулайт. Башкача айтканда, сиз жарык үчүн 1,48 сомдон төлөйсүз. Бирок 1000 киловаттан ашып кетсе, 2,29 сомдон эсептеле баштайт.