Путин: россиялык окумуштуулар үч вакцина чыгарып чоң секирик жасады

Президенттин Федералдык жыйынга кайрылуусунун бир бөлүгү илимге арналды. Ал алдыдагы үч жылда изилдөөлөргө 1,5 триллион рубль жумшаларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россиялык окумуштуулар COVID-19га каршы үч вакцина чыгарып чоң секирик жасады. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу учурунда билдирди.
"Акыркы жылдагы ушул жана башка жетишкендиктер биздин өлкөнүн технологиялык потенциалынын жогорку деңгээлинин тикелей далили”, — деди Путин.
Ал ошондой эле илимди өнүктүрүү маанилүү экенин белгилеген. Президенттин айтымында, 2024-жылга чейинки жарандык жана фундаменталдык изилдөөлөргө 1,5 триллион рубль бөлүнөт.
Путин россиялык окумуштуулардын жаңы мууну мыкты долбоорлорду алып чыгарына ишеним артып, 2021-жыл "Илим жылы" деп жарыяланганын эске салды.