БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 306 кишиден коронавирус табылып, 161 бейтап оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 92 626га жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 390 болду.
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус Бишкектен эки, Чүй облусунан эки кишинин өмүрүн алды. Көз жумгандардын жалпы саны 1 561ге жетти.
Акыркы сутка ичинде 5 606 ПЦР-изилдөө жүргүзүлгөн.