Ростов-на-Дону шаарынан Ошко авиакаттам ачылып, биринчи жүргүнчүлөр келди. Сүрөт

"Ош" эл аралык аэропортуна "Азимут" авиакомпаниясы менен 60 жүргүнчү келди. Кайра Ростов-на-Донуга 83 киши учуп кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ростов-на-Дону — Ош — Ростов-на-Дону каттамы ачылганын "Манас" эл аралык аба майданы кабарлады.
1 / 3
Ростов-на-Дону — Ош — Ростов-на-Дону каттамы ачылганын "Манас" эл аралык аба майданы кабарлады
2 / 3
Ага ылайык, Оштун аэропорту аталган каттам боюнча келген жаңы чартердик рейсти тосуп алды
3 / 3
"Азимут" авиакомпаниясы менен шаарга 60 жүргүнчү келди
Ага ылайык, Оштун аэропорту аталган каттам боюнча келген жаңы чартердик рейсти тосуп алды. "Азимут" авиакомпаниясы менен шаарга 60 жүргүнчү келди.
Ал эми Ростов-на-Донуга кайра 83 киши учуп кеткен. Каттам жумасына бир жолу, бейшемби күнү аткарылып турат.
"Манас" эл аралык аба майданы билеттин баасын авиакомпания гана тууралап сата турганын эскертти.