Подполковник менен милициянын кызматкери пара боюнча кармалды

Кылмыш ишине ИИМге караштуу эки ири кызматтын офицерлери — подполковник менен капитандын катыштыгы бар экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ош шаарында акча талап кылууга жана пара алууга шектелип подполковник, милициянын капитаны менен жай жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабаралашты.
1 / 2
Ош шаарында акча талап кылууга жана пара алууга шектелип подполковник, милициянын капитаны менен жай жаран кармалды
2 / 2
Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 326-беренесинин ("Опузалап пара талап кылуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.
Жакында ИИМдин Ички иликтөө кызматына Ш.Х. аттуу жаран кайрылган. Ал тууганына козголгон кылмыш ишти токтотуп берүү үчүн 5000 доллар талап кылып жаткан Криминалдык милиция кызматынын жана КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын (Ош шаары) кызматкерлерине карата тиешелүү чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 326-беренесинин ("Опузалап пара талап кылуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.
Пара менен кармалган райондук салык башкармалыгынын жетекчиси иштен алынды
Тергөө үч адамдын арыздануучунун тергөө абагындагы тууганын бошотуп берүү үчүн пара катары 8000 доллар талап кылганын аныктаган. Алардын экөө орган кызматкерлери — КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын (Ош шаары) ыкчам ыйгарымдуу өкүлү, милициянын капитаны А.А., Баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарымдуу өкүлү, милициянын подполковниги А.Н. жана бирөө жай жаран Т.Б. болгон.
19-апрель күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзө башташкан. Иштин жыйынтыгында 3800 доллар жана 340 000 сом акча алуу учурунда милициянын подполковниги А.Н. жана жай жаран Т.Б. кармалган. Кийинчерээк Оштон милициянын капитаны А.Н. колго түшкөн.
Үч адам тең Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
ИИМден Тергөө кызматы тарабынан бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча сотко чейинки өндүрүш уланып жатканын билдиришти.