Былтыр туруктуу жашоо үчүн чет өлкөгө 5,8 миң кыргызстандык чыгып кетти

Мурдагы жылга салыштырмалуу өлкөдөн чыгып кеткендердин саны 21 пайызга төмөндөгөн. Тагыраак айтканда, 2019-жылы 7,6 миң адам мекенинен кетип калган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстанга кайткандарга караганда башка жакка туруктуу же узак мөөнөткө жашоо үчүн чыгып кеткендердин саны көп болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
"Былтыр республикага туруктуу жашоо үчүн бир миңге жакын адам келсе, 5800 адам өлкөдөн чыгып кеткен", — деп айтылат кабарда.
Мамытов Санкт-Петербургда мекендештер менен жолукту. Көтөрүлгөн маселелер
Ал эми мурдагы жылга салыштырмалуу өлкөдөн чыгып кеткендердин саны 21 пайызга төмөндөгөн. Тагыраак айтканда, 2019-жылы 7,6 миң адам мекенинен кетип калган.
Ошол эле учурда 2020-жылы пандемиядан улам чек ара жабык болуп, чет жакка чыгууда тоскоолдуктар болгонун айта кетүү керек.
Мигранттар мурдагыдай эле Россия (65,1 пайыз) менен Казакстанга (28,6 пайыз) көбүрөөк кеткен.