БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстан калкынын саны эл каттоодон кийин так айтылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Эске сала кетсек, буга чейин аталган комитет элдин саны 6 миллион 637 миңге жеткенин билдирген. Өлкөдө туруктуу жашаган элдин 34 пайызы шаарларга, 66 пайызы айылдарга туура келери айтылган болчу.
"Маалымат статистикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде даярдалган. Бирок буга салыштырмалуу эл каттоо масштабдуу жана маанилүү болуп саналат. Иш-чара он жылда бир өткөрүлүп, калк арасында сурамжылоо жүргүзүлөт. Элдин социалык, экономикалык абалы, билим деңгээли, нике жана үй-бүлө түзүмү, ошондой эле өлкөнүн этнолингвистикалык курамы сыяктуу маалыматтарды алууга болот", — деп айтылат билдирмеде.
Ошол себептен Улуттук статистика комитети шашылыш чечимдерди чыгарбоону өтүнүп, бул боюнча расмий сайтында колдонуучулар үчүн методологиялык түшүндүрмөлөр бар экенин айтты.
Кыргызстанда калкты жана турак жайды каттоо быйыл жүргүзүлөт. Былтыр иш-чара пандемияга байланыштуу болбой калган.