Учурда шериктештик Атлантиканын эки тарабы тең Россия менен бирдей начар алакада болууга тийиш деген тейде. Кошмо Штаттар Россияга жаңы санкцияларын киргизери менен Польша россиялык элчиликтеги үч кызматкердин өлкө аймагында болушуна тыюу салды. Европадагы ушундай жагдай тегерегинде Петр Акопов ой калчаган.
"Бул биздин территорияга 1968-жылдан берки эң чоң кол салуу болду", — дешти Чехиянын парламентинен. Ал эми өкмөттөгүлөр ЕБдин башка мүчөлөрүнөн "орус диверсиясын" талкуулоону, анан калса кандайдыр жаңы санкцияларды кабыл алууну талап кылышууда.
Жоан Роулинг жана Бенедикт Камбербэтч Путинден Навальныйга медициналык жардам көрсөтүүнү, ал эми Эммануэль Макрон Россия үчүн кандайдыр бир "кызыл чийинди" белгилөөнү өтүнүүдө.
Атлантисттер жакындагы Байдендин Путин менен болгон соодалашуусунда (Вашингтон жагдайды ушундайча көрөт) америкалык президент батыш дүйнөсүнүн айныгыс лидери катары болушунча күчтүү позицияны ээлешин көздөйт. Анткен менен реалдуулук мындай пландарга жол бербейт, ЕБ менен Кошмо Штаттардын ортосунда эч кандай биримдик жок, дегеле Европанын өзүндө консенсус жайында эмес. Биримдик тургай, ага мүчө болгон негизги өлкөлөрдүн каймактарынын тиреши күчөөдө.
ФРГнын башкаруучу партиясы Меркелдин ордуна канцлерликке ким келерин аныктай албай келет. Францияда истеблишменттин ичинде бир жылдан соң президенттикке системага жат Марин Ле Пендин келип калуу ыктымалдыгына эле кыжырдануу күч алып барат.
Кеп жалпы калкты айтпаганда да, европалык элитанын Россия менен мамилени бузууну каалабаганында эле эмес, ЕБде азыр жасалма ырбатылган жаңжалдарга алаксыбастан эч создуктурбай чече турган көйгөй арбын.
"Кызыл чийиндер" учурда Европанын чыгышында эмес, Батыш Европанын чордонунда. Өз калкы, улуттук суверенитети жагынан алганда аларды аттап өтүү европалык каймактардын өздөрүнө кооптуу абал.