Жалал-Абадда бизнесмендерди сабап, коркуткан шектүүлөрдүн бири кармалды

Министрликтен билдиргендей, кылмышкерлер бизнесмендерди ээн талаага алып барып ур-токмокко алып турган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Милиция Кыргызстандын түштүгүндө бизнесмендерди өз көзөмөлүнө алууга аракет жасаган топ бар экенин кабарлады.
Маалыматка караганда, кылмыштуу топ "салык" төлөөдөн баш тарткан ишкерлер менен коммерсанттарды эл жок жерге алып барып сабап коркутуп турушкан.
"Жалал-Абадда апрель айынын башында үч киши 29 жаштагы ишкерди күчкө салып машина менен алып кетишкен. Аны ээн жерге алып барып акча талап кылып сабашкан", — дешти ИИМден.
Шектүү
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 16-апрель күнү Жалал-Абаддан 29 жаштагы шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Милиция учурда шериктерин издеп жатат.