Май айында кыргызстандыктар кошумча үч күн эс алат

Өкмөт күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу үчүн 3-майдагы эс алууну 8-январга жылдырган. Бирок орозо айт бар экенин да эскерте кетели.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Май айында кыргызстандыктар үч күн эс алат. Бул тууралуу өкмөттүн токтомунда белгиленген.
Жыл сайын үч майрам белгиленип келет, бирок быйыл өзгөртүү бар.
Жайдагыдай ысыйт! Май айына карата аба ырайы
5-май шаршембиге туура келет. Ал эми 9-май жекшембиге туура келгендиктен кийинки дүйшөмбү күнү, башкача айтканда, 10-майда кыргызстандыктар эс алат. Мындан сырткары, орозо айт бар. Бирок азырынча анын так датасы билине элек. Ошондо жалпысынан кыргызстандыктар ишемби менен жекшембилерди эсепке албаганда кошумча үч күн эс алат.