Коронавирус менен ооругандарга кайсы дарылар сунушталбайт. Жаңы протокол

Министрлик коронавирус менен күрөшүүдө препараттардын эффективдүүлүгү жана коопсуздугу далилденбегенин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптарга кандай препараттар менен медикаменттерди берүүгө болбой турганы Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы клиникалык протоколунда көрсөтүлгөн.
Эсеп боюнча бешинчи протокол 16-апрелде кабыл алынган. Ага "Ысык-Көл тамыры", башкача айтканда, аконит же уу коргошун кирген эмес.
COVID күч алып турган Бишкекте кошумча орундар даярдалды
Анткен менен протоколдо "COVID-19ду дарылоо үчүн сунуштар" деген бөлүм бар. Анын биринчи эле пунктунда коронавирус менен күрөшүүдө дарылардын эффективдүүлүгү жана коопсуздугу далилденбегени көрсөтүлгөн.
Дарылоо симптомдорго жараша жана бейтаптын башка ооруларын эске алуу менен жүргүзүлөт. Дарыгерлерге жеңил жана орточо оор формадагы бейтаптарга антибиотик берүү сунушталбайт.
Медицина кызматкерлерине натыйжалуулугу далилденбеген дары-дармек берүүгө катуу тыюу салынган. Андай препараттардын катарына умифеновир (арбидол), имидазолилпантонамид (ингавирин), эргоферон, интерферон альфа (интерферон, виферон), энисомия йодид (амизон, амизончик, нобезит), полиоксидоний, инозин жана башкалар бар. Ушул эле тизмеге мындан башка дексаметазон, преднизолон, гидрокортизон, теофиллин, эуфиллин, кальций хлорид, осельтамивир, занамавир кирген.
COVAX Кыргызстанга эмдөөдө пайдалануучу каражаттарды берди. Сүрөт
Эскертүү: теофиллин менен эуфиллиндин эффективдүүлүгү менен коопсуздугунда шек бар болгондуктан сунушталбайт. Ал эми глюкокортикостероиддер COVID-19дун оор формасына алып келиши мүмкүн.
Тизмеде эксперимент жана профилактика иретинде колдонулган препараттар дагы бар. Алар: хлорохин, гидроксихлорохин (азитромицин), лопинавир, ритонавир, ремдесивир, умифеновир, фавипиравир, интерферон.