Ташиев өзбек тарап менен Кемпир-Абаддын 30 гектарын алып калууну сүйлөшөт

Шарихансай каналынын баш жагынан 50 гектар жерди алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароо чечими кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Савай айылынын тургундары менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу билдирүү таратты.
1 / 4
Өкмөттүн маалымат кызматы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Савай айылынын тургундары менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу билдирүү таратты
2 / 4
Кечээ, 19-апрелде, кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы Кара-Суу районундагы Савай айыл округунун Ынтымак айылынын калкы менен жолугушкан
3 / 4
Ошондой эле Ташиев суу ресурсу тургундарга толук жеткиликтүү болорун убадалаган
4 / 4
Тагыраак айтканда, жергиликтүү тургундар балык уулап, суу алып, мал сугара алышат. Бул протоколдо өзүнчө пункт менен бекитилген.
Кечээ, 19-апрелде, кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы Кара-Суу районундагы Савай айыл округунун Ынтымак айылынын калкы менен жолугушкан.
"Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы Шарихансай каналынын башталышындагы 20 гектар жерди №34 протоколдо көрсөтүлгөн 50 гектар жер менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароо чечими кабыл алынды. Камчыбек Ташиев өзбек тарап менен кезектеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ынтымак айылында калган 30 гектар жерди өзүбүздө сактап калуу маселесин талкууламакчы", — деп айтылат маалыматта.
Сууну Өзбекстан башкарып калбайбы? Өкмөттүн жооптуу өкүлү менен видео маек
Ошондой эле Ташиев суу ресурсу тургундарга толук жеткиликтүү болорун убадалаган. Тагыраак айтканда, жергиликтүү тургундар балык уулап, суу алып, мал сугара алышат. Бул протоколдо өзүнчө пункт менен бекитилген.
Эске салсак, Савай айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине макул болбой бир нече күндөн бер нааразычылык акциясын өткөрүп келген. Жергиликтүүлөр ал тилке суунун башы экенин, жайыт катары колдонуларын айтып, боз үйлөрдү тигип отуруп алышкан.