COVAX Кыргызстанга эмдөөдө пайдалануучу каражаттарды берди. Сүрөт

Жардамды андан ары таркатуу жана пайдалануу боюнча бардык чыгымдар Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдө колдонуу үчүн 423 миң даана шприц жана пайдаланылган ийнелер жок кылынуучу 3 825 даана атайын кутуча келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
1 / 3
Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдө колдонуу үчүн 423 миң даана шприц жана пайдаланылган ийнелер жок кылынуучу 3 825 даана атайын кутуча келди
2 / 3
Жардам COVAX глобалдуу механизминин алкагында алгачкы партия катары берилди
3 / 3
ГАВИ, ВОЗ, CEPI жана ЮНИСЕФ вакциналар альянсы башында турган COVAX уюмунун алкагында дүйнө жүзүндө бул демилге өндүрүүчүлөр жана өнөктөштөр менен биргеликте COVID-19 вакциналарын сатып алуу, ошондой эле ташып жеткирүү, логистика жана сактоо боюнча иштешет.
Жардам COVAX глобалдуу механизминин алкагында алгачкы партия катары берилди.
ГАВИ, ВОЗ, CEPI жана ЮНИСЕФ вакциналар альянсы башында турган COVAX уюмунун алкагында дүйнө жүзүндө бул демилге өндүрүүчүлөр жана өнөктөштөр менен биргеликте COVID-19 вакциналарын сатып алуу, ошондой эле ташып жеткирүү, логистика жана сактоо боюнча иштешет.
Жардамды андан ары таркатуу жана пайдалануу боюнча бардык чыгым Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлдү.