COVID күч алып турган Бишкекте кошумча орундар даярдалды

Буга чейин өкмөттөн коронавирус боюнча абал кескин курчуп кете турган болсо өлкө аймагында 11 миңден ашык орун даяр экенин айтышкан эле.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунда коронавирус боюнча абал оор болуп жаткандыктан кошумча 132 орун ишке берилди. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
"Бул эки аймакта жалпысынан 2 361 орун бар эле. Алардын 255и реанимациялык палаталардагы керебеттер болчу. Бирок булар дагы жетишсиз болуп жаткандыктан, 19-апрель күнү Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүндө 132 орун даярдалды", — деди Рахматуллаев.
Ал башка аймактарда абал туруктуу жана коронавирус жуктургандар үчүн бош орундар жетиштүү экенин кошумчалады.
Маалыматка караганда, ушул сааттарда Бишкек шаары боюнча — 281, Чүй облусу боюнча 238 бош орун бар.