Бишкек мэриясы Айсулуу, Жоламан, Дарья баш болгон спортчуларды сыйлады

Мэрия спорттогу талыкпас эмгеги жана жетишкендиктери үчүн бир катар спортчуларга 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучуларга 50 миң сомдук сертификаттарды ыйгарды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы эл аралык аренада ийгилик жараткан шаардагы спорттук мектептердин тарбиялануучулары менен машыктыруучуларды сыйлаганын кабарлады.
1 / 5
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Айсулуу Тыныбекова менен
2 / 5
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Мээрим Жуманазарова менен
3 / 5
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Жоламан Шаршенбеков менен
4 / 5
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Дарья Маслова менен
5 / 5
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Айпери Медет кызы менен
Анда спортко талыкпас эмгеги жана спортту өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн бир катар спортчулар 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучуларга 50 миң сомдук сертификаттар берилди.
Олимпиадага үч ай калды, Спорт агенттигинин 45 млн. карызы бар. Даярданып жетишеби?
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун буйругу менен балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы, грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков, Атабек Азисбеков жана Үзүр Жузупбековго, эркин күрөш чебери Эрназар Акматалиевге, жөө күлүк Дарья Масловага жана дзюдочу Владимир Золоевге 100 миң сомдук сертификат берилди.
Мэрдин милдетин аткаруучунун чечими менен спортчуларды таптаган машыктыруучулар Нурбек Изабеков, Хаким Махмудов, Уран Калилов, Кубат Мамбетов, Андрей Тупик, Рахмадил Жуманазаров, Ырысбек Мамышев, Абдужалил Юнусов, Татьяна Борисова 50 миң сомдук сертификат алышты.
Мындан сырткары, мэрия шаардын спортуна кошкон эмгеги үчүн баш калаадагы айрым спорттук мектептердин жетекчилерине ыраазычылык кат жана эстелик белектерди ыйгарганы маалым болду.