Радио

Жайчиева: жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялайт

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялай тургандыгын айтты.
Sputnik
Эгер чоңдор китеп окуп, жомокко маани берсе, ал өзүнүн жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүнө көңүл буруп, балдарына туура тарбия бере алат. Мындай оюн Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чоңдорго арналып жазылган жомоктордун саны көп болгонуна карабастан улуулар ага жакшы маани бербей келишет.
"Жомок менен балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбияласа болот. Чоңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Сулайман Рысбаев деген балдар жазуучусу көптөгөн жомокторду жазат. Ал азыркы күндүн талабы менен мурункуну байланыштырып, кооздоп, тарбиясы терең чыгармаларды жаратууда. Чоң адамдар үчүн да ойлондурган, олуттуу жомоктору көп. Мисалы, "Балык балдар" деген жомогу бар. Көлдүн жээгинде арак ичип, таштандыларды ыргытып булгаган чоң кишилердин туура эмес жоруктарын көргөн кичинекей балдар аларга таарынып, түндө көлгө балык болуп кетишет. Мына ушундай мааниси терең жомокторду улуулар да окуп туруусу зарыл", — деди Жайчиева.
Ошондой эле жомокчу балдар адабиятына өзгөчө көңүл буруп, баланын коомдогу ордун калыптандырыш үчүн ата-энелер балдарга китеп окуп бериши керектигин кошумчалады.