Ошто үч ак илбирстин терисин 4,5 миң долларга сатмак болгон киши кармалды

Шектүү жырткычтардын терисин Тажикстандын жарандарынан алган. Атайын кызмат аны экологиялык коопсуздук жаатында ыкчам-тергөө иш-чарасынын жүрүшүндө кармады.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Ош шаарында үч ак илбирстин терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылган К.А.С. аттуу киши кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Ош шаарында үч ак илбирстин терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылган К.А.С. аттуу киши кармалды
Атайын кызмат экологиялык коопсуздук жаатында ыкчам-тергөө иш-чарасын жүргүзгөн.
Натыйжада шектүү Тажикстандын жарандарынан алган жырткычтын терилерин 4500 долларга сатууну пландаганы аныкталган.
Факты Жазык кодексинин 293-беренеси ("Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды
Факт Жазык кодексинин 293-беренеси ("Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Ак илбирс бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда сейрек же жок болуп кетүү коркунучунда турган жаныбар болуп саналат. Ага аңчылык кылууга тыюу салынып, Кызыл китепке киргизилген.