Ош — Баткен — Исфана автожолу күздөн тарта оңдоло баштайт

Коронавирус пандемиясына байланыштуу аталган долбоорду ишке ашыруу кечеңдеген. Учурда курулушту жандандыруу үчүн документтерди тууралоо иштери башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Ош — Баткен — Исфана автожолун реабилитациялоо боюнча документтик иштер башталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
"Коронавирус пандемиясына байланыштуу аталган долбоорду ишке ашыруу кечеңдеген. Учурда Central Consultant консультациялык компаниясы тарабынан подрядчы тандоо жана курулушту көзөмөлдөө үчүн долбоордук-сметалык, тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
"Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу" долбоору Ош — Баткен — Исфана жолунун транспорттук потенциалын жана коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле Бишкек — Ош жолундагы жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин кыскартууга багытталган.
Бишкекте дагы эки көчөнүн кесилишинде оңдоо иштери жүрүп, жолдор жабылат
Сентябрь же октябрь айларында башталчу курулуш иштеринин маалында жол 28-чакырымынан тарта 75-чакырымына чейин оңдолмокчу.
Маалыматка караганда, "Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу" долбоорунун донору — Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA). Алынчу кредиттин суммасы 11 915 миллиард йенди (болжол менен 116,47 миллион доллар) түзөт.