Нарын облусунда биринчи жолу грыжаны алган операция жасалды

Мындан ары грыжасы бар бейтаптар Бишкек шаарына барбастан Нарын облусунда эле операция жасата алышары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Нарын облусунда бел омурткасында пайда болгон грыжаны алган алгачкы операция жасалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүнүн травматологу Талант Калдыбаев билдирди.
Анын айтымында, 14-апрель күнү 41 жаштагы бейтаптын төртүнчү жана бешинчи бел омурткасындагы (L IV-L V) грыжасы алынган. Бейтап бул илдеттен жети жылдан бери жапа чегип келген.
"Бүгүн бейтапка операция жасалганына 5 күн болду, бутуна туруп басып калды. Учурда абалы жакшы. Эми бейтаптар Бишкек шаарына барбастан Нарын облусунда эле операция жасата алышат", — деди дарыгер.
Бул операцияны Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков, директордун дарылоо иши боюнча орун басары Эламан Алиев жана травматология бөлүмүнүн травматолог дарыгери Талант Калдыбаев жасаган.