Коронавирустан алты киши каза таап, 212 адам жуктурду. Соңку маалымат

Көз жумган алты кишинин төртөө Чүйдө, ал эми экөө Бишкекте дарыланып жаткан. Жугуштуу оору жалпы 1 555 адамдын өмүрүн алды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 212 кишиден оору чыкты, 149 бейтап айыгып, тилекке каршы, алты адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Айыккандар:
Жалпысынан 87 056 киши ооруну жеңди.
Оору жуктургандар:
Кыргызстанда ооругандардын саны 92 095ке жетти.
Учурда стационарда 1 246 бейтап, амбулатордук шартта 1 270 киши дарыланууда.
Көз жумган алты кишинин төртөө Чүйдө, ал эми экөө Бишкекте дарыланып жаткан. Жугуштуу оору жалпы 1 555 адамдын өмүрүн алды.