Сыймыкка бөлөгөн Айсулуудан тарта жанар тоонун атылышына чейин. Апта ирмеми

Sputnik

12-апрелде Юрий Гагариндин космоско учкан күнүнө 60 жыл толду.

Дүйнө мусулмандары ыйык Рамазан айынын башталышын белгилешти.

Кыргызстандык Эрназар Алматыдагы мелдеште мыкты ыкма жасаган спортчу болду. Видео
АКШнын Бруклин-Сентер шаарында полиция кыз электрошокердин ордуна тапанчаны алмаштырып алып, кармоо учурунда каршылык көрсөткөн афроамерикалык жаранды атып алган окуя боюнча нааразычылык акциясы өттү. Миннеаполистин мэри өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилгенин жар салды.

Санкт-Петербургда (Россия) ири өрт кырсыгы катталды. Натыйжада 1861-жылы курулган "Невская мануфактура" имаратынын бардык алты өндүрүш кабаттарын тилсиз жоо жалмаган. Бир өрт өчүрүүчү каза болуп, дагы үчөө жабыркаган.

Бразилиянын Энкантадо шаарында Иисустун айкелин тургузганы жатат. Ал Христостун Рио-де-Жанейродогу белгилүү айкелинен бир кыйла бийик болору айтылат.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча төртүнчү ирет Азия чемпиону болду. Алматыда өткөн мелдештин финалында ал монгол кызын таза артыкчылык менен утту.

Барселонада (Испания) silent disco сеансы кеңири популярдуулукка ээ боло баштады. Анда кулакчын тагынган катышуучулар социалдык аралыкты сактоо менен бийлешет.

Россиянын Кемерово облусунун Шерегеш аймагындагы тоо-лыжа курортунда "GrelkaFest" фестивалынын алкагында купальникчендердин массалык иш-чарасы өттү.

Чака-чайнек, темир-тезектен кыя өтпөгөн муун. "Космонавттар көчөсү" сүрөттө
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы кызыл зонада дарыланып жаткан бейтаптардан кабар алды. Анын ичинде жандандыруу бөлүмүндө жаткан оор абалдагылардын абалын сурап, дарылануу шарттарын көрдү.

Лондондо Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин жубайы, ханзаада Филипп 99 жашында каза болду.

Японияда Токио Олимпиадасынын башталышына 100 күн калганын эсепке алган иш-чара башталды.

Индияда "Кумбха Мела" аталышындагы массалык жөрөлгө өттү. Анын жүрүшүндө адамдар Ганг дарыясына түшүшөт.

Инд океанындагы Реюньон аралында Питон-де-ла-Фурнез жанар тоосу жанданды.

КРдин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү. Анын айтымында, ал COVID-19 илдетин башталгыч стадиясында 2-3 күндө сакайтат. Буга чейин КРде бул уу коргошунду дары катары пайдалангандар арасында өлгөндөр болгон.

Балиде (Индонезия) Галунган диний майрамы белгиленди.

1 / 18
Санкт-Петербургда көрүүчүлөр Юрий Гагариндин портретинин проекциясын көрүп жатышат
2 / 18
Рамазан айынын алгачкы күнүндө мусулмандар Меккедеги чоң мечитте кечки намазын окуп жатышат
3 / 18
АКШнын Бруклин-Сентер шаарынын борборунда өткөн нааразычылык акциясынын катышуучулары полициянын унаасынын капотуна чыгып алышкан. 11-апрелде полиция кыз электрошокердин ордуна тапанчаны алмаштырып алып, кармоо учурунда каршылык көрсөткөн афроамерикалык жаранды атып салган. Бул окуяга нааразы болгондор көчөгө чыгышкан. Миннеаполистин мэри өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилгенин жар салды
4 / 18
12-апрелде Санкт-Петербургда (Россия) 1861-жылы курулган "Невская мануфактура" имаратында ири өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоо жалмаган аянттын көлөмү 25 миң чарчы метр деп саналууда. Кырсыкты четтетүүдө бир өрт өчүрүүчү каза болуп, дагы үчөө жабыркаган. Өрт дээрлик төрт күндөн кийин толук өчүрүлгөн
5 / 18
Көркөмдөп сүзүү боюнча Aquabatix командасынын спортчу кыздары Лондондо коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилгенден кийин кайра ачылган ачык бассейнде машыгып жатышат
6 / 18
Бразилиянын Энкантадо шаарында Иисустун айкелин тургузуп жатышат. 43 метрлик Христос-Куткаруучу Рио-де-Жанейродогу белгилүү Христостун айкелинен бир кыйла бийик болот
7 / 18
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Алматыда өткөн Азия чемпионатын жеңип, төртүнчү ирет Азия чемпиону болду. Финалда ал монгол кызын 11:0 эсебинде таза артыкчылык менен утту
8 / 18
15-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы кызыл зонада дарыланып жаткан бейтаптардан кабар алды. Анын ичинде жандандыруу бөлүмүндө жаткан оор абалдагылардын ден соолугун сурап, дарылануу шарттарын көрдү. Аягында өлкө башчы дарыгерлер менен баарлашып, көйгөйлөрдү талкуулады
9 / 18
Россиянын Кемерово облусунун Шерегеш аймагындагы тоо-лыжа курортунда өткөн "GrelkaFest" фестивалынын алкагында купальникчендердин массалык жарышына катышкан кыз
10 / 18
Германиянын Дуйсбург шаарындагы зоопаркта мышык тукумдуу лемур эшиктен сыртты карап турат
11 / 18
Барселонада (Испания) өткөн silent disco сеансына катышкан кыз бийлеп жатат. "Тынч бий" деген ат менен кеңири популярдуулукка ээ боло баштаган сеанста катышуучулар кулакчын тагынып алып, социалдык аралыкты сактоо менен бийлешет
12 / 18
Гвардиячылар Виндзор сепилиндеги ыйык Георгий чиркөөсүндө Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин жубайы ханзаада Филипптин сөөгү жашырылган табытты көтөрүп баратат. Ханзаада Филипп 9-апрелде 99 жашында каза болду
13 / 18
Токио Олимпиадасынын талисмандары Мирайва жана Сомэйти спорттук иш-чарага 100 күн убакыт калганын белгилеген аземде. Токио Олимпиадасы коронавируска байланыштуу бир жылга жылдырылып, 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Бул иш-чара спорттун түрү (33) жана категориясы (339) боюнча эң масштабдуу болушу керек
14 / 18
Исламабадда (Пакистан) чагылган чартылдаган учур
15 / 18
Тик учак Питон-де-ла-Фурнез жанар тоосу жанданган Инд океанынын Реюньон аралынын үстүнөн учуп өтүүдө
16 / 18
Индияда "Кумбха Мела" жөрөлгөсүндө адамдар Ганг дарыясына түшүп жатышат
17 / 18
15-апрелде КР президенти Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында кыргызстандык дарыгерлер COVID-19 илдетин башталгыч стадиясындагы 2-3 күндө айыктыра турган дарыны ойлоп тапканы боюнча билдирүү чыккан. Эртеси күнү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү. Аталган чөп тамырынын кайнатмасынын пайдасын көрсөткөн клиникалык изилдөөлөр жок экендигин белгилей кетүү керек. Ал турсун Кыргызстанда уу коргошунду дары катары пайдалангандар арасында өлгөндөр болгон
18 / 18
Индонезиянын Бали шаарында өткөн Галунган диний фестивалында кыздар чалынган курмандыктарды алып бара жатышат.