Ташиев Савайга барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолукту

Жергиликтүүлөр Өзбекстанга берилет делген тилкеге 14-апрель күнү боз үйлөрдү тигип отуруп алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районуна барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолугушууда.
1 / 4
Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районуна барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолугушууда
2 / 4
Аталган райондун Савай айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине макул болбой бир нече күндөн бер нааразычылык акциясын өткөрүп келген
3 / 4
Жергиликтүүлөр ал тилке суунун башы экенин, жайыт катары колдонуларын айтып, боз үйлөрдү тигип отуруп алышкан
4 / 4
Учурда Ташиев менен айылдын миңге чукул жашоочусу жолугуп, талаптарын айтышууда.
Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Чоо-жайы
Учурда Ташиев менен айылдын миңге чукул жашоочусу жолугуп, талаптарын айтышууда.