Европада уюшулган футболдук Суперлига. FIFA демилгеге караманча каршы

Дүйнөлүк футбол уюму мындай чечимди эл аралык футболдун чектен чыккандыгы катары кабылдап, аны "сепаратисттик лига" деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) Европада футболдук Суперлига уюштуруу боюнча демилгени четке кагат. Бул тууралуу уюмдун билдирүүсү тууралуу Р-Спорт жазды.
Европадагы 12 алдыңкы футболдук клуб: "Манчестер Юнайтед", "Арсенал", "Челси", "Тоттенхэм", "Манчестер Сити", "Ливерпуль" (баары – Англия); "Реал Мадрид", "Барселона", "Атлетико" (баары – Испания); "Интер", "Милан" жана "Ювентус" (баары – Италия) континентте клубдар арасындагы жаңы Суперлига мелдеши уюшулганын жар салышты. Турнирди өткөрүүнүн форматы жарыяланып, 20 команданы катыштыруу пландалганы айтылат.
"Кыргызстандык Месси" алматылык клуб менен келишимин узартты
Мелдеш Европа футбол ассоциацияларынын союзу (UEFA) алкагында өтүүчү еврокубокторго альтернатива катары каралууда.
Клубдардын билдирүүсүнө ылайык, уюштуруучу клубдар Европанын учурдагы мелдештеринин сапатын жана интенсивдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.
Дүйнөлүк футбол уюму мындай чечимди эл аралык футболдун чегинен чыккандык деп эсептей турганын айтып, билдирүү таратты.
"FIFA мындай эл аралык футболдук түзүмдөрдөн сырткары уюшулган "европалык сепаратисттик лига" түзүү чечимине каршы", — деп айтылат дүйнөлүк уюмдун маалыматында.
Уюмдун мындай кадамын Франция жана Германиянын футболдук клубдары колдоого алышкан.